Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:40

Владимир Путин Бишкекке келди


Путинди Жээнбеков тосуп алды.
Путинди Жээнбеков тосуп алды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан орус лидерин президент Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда тосуп алды.

27-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри келишкен. ​

Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Ага КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев да катышат.

Бишкек ушул сессияда уюмга төрагалык кылган бир жылынын мөөнөтүн жыйынтыктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG