Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

«Apple» айрым тиркемелеринде Крымды Орусияныкы деп көрсөтүүдө


«Apple» компаниясынын эн белгиси.
«Apple» компаниясынын эн белгиси.

«Apple Maps» жана «Weather» тиркемелеринин орусиялык колдонуучуларына Крым Орусиянын аймагы катары көрсөтүлүп жатат.

Орусия 27-ноябрда компаниянын бул аракетин ыраазы боло кубаттап, «мурдагы катаны оңдоо» катары сыпаттады.

Украина өкмөтү АКШ компаниясынын бул кылганына кескин нааразы экенин билдирди. Киевдин Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгү Крымды Орусиянын аймагы катары көрсөтпөөнү талап кылып компанияга кайрылды.

Орусия 2014-жылы Крымды басып алып, референдум өткөрүү жолу менен аннексиялап алган. Дүйнөдө бери дегенде жүз мамлекет Москванын бул аракетин мыйзамсыз деп таап, Крымдын аннексиясын тааныбай келатат.

XS
SM
MD
LG