Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Абылгазиев: журналисттик иликтөө боюнча президент катышкан жыйын болду (видео)


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандардын талаптарын колдой турганын, коомчулукта талкууланып жаткан 700 млн. доллар боюнча президенттин катышуусунда жыйын болуп, тийиштүү тапшырмалар берилегенин айтты:

- Учурда коомчулукта 700 млн. доллар боюнча сөз болуп жатат. Бул боюнча биз да өз оюбузду айтышыбыз керек. Ачык-айкындыкты, көмүскө экономикага каршы чыгып жаткан жарандардын демилгесин колдойбуз. Бул боюнча иликтөөчү топ түзүлдү. Ал топко кызыкчылыгы бар жарандар да катышса болот. «Азаттык» радиосу, журналисттер берген фактыларды изилдеп чыкканга президент катышкан жыйналыш өтүп, тапшырма берилди.

25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган. Анда шектүү жолдор менен сыртка чыгарылган акча, бажы тармагындагы коррупция жөнүндө кеп болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG