Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Кыргыз күрөш: кыргыз балбандарында төрт медаль бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өтүп жаткан кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионатында кыргызстандык эки балбан биринчи орунду алды. Алар 66 кило салмактагы Асанкелди Нуркасым уулу жана 84 кг салмактагы Бектуркан Кожомуратов болду. Ошондой эле 96 кг салмактан жогору Тилек Куралов менен 55 килограммдагы балбандар арасында күрөшкөн Эламан Базарбек уулу коло байге алганга жетишти.

Бүгүн мелдештин экинчи күнү жүрүп жатат. Анда 60, 74 жана 96 кг салмактагы балбандар арасында күч сынашуу башталды. Азырынча 96 килограммда Байыш Тажыгул уулу менен 74 кг салмакта күч сынашкан Санжар Аманов финалга чыкканга жетишти.

Финалда Байыш Тажыгул уулу Орусиянын балбаны Султан-Мурат Гогуев менен күрөшөт, Ал эми Санжар Аманов дагы бир орус балбаны Алибек Тоторкулов менен баш байге алтын медалды талашат.

Кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионаты тарыхта алгачкы ирет өтүүдө. Ага 16 өлкөдөн спортчулар келип, жалпы катышуучулардын саны жүзгө жакындады.

Бүгүн ошондой эле абсолюттук салмакта балбандардын да жарышы болмокчу. Бул жерде балбандар салмагына карабай ар бир өлкөдөн бирден килем үстүнө чыгышып, “мыктынын мыктысы” деген наамды талашат. (SDz)

XS
SM
MD
LG