Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Албанияда жер титирөө кайталанды


Куткаруучулардын ити талкаланган имараттан аман калгандарды издөөдө. Дуррес. 28-ноябрь, 2019-жыл.
Куткаруучулардын ити талкаланган имараттан аман калгандарды издөөдө. Дуррес. 28-ноябрь, 2019-жыл.

Албаниянын Дуррес жана Туман шаарларынын миңдеген тургундары жер титирөөнүн кайталануусунан чочулап, бүгүн да спорт аянтчаларында, чатырларда, машинелерде түнөштү. Акыркы маалымат боюнча 27-ноябрда болгон зилзаладан каза тапкандардын саны 31 кишиге жетти. 650 адам жабыркаган. Албаниянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, дагы 20дай киши дайынсыз болуп жатат. Издөө-куткаруу иштерине 10дон ашык мамлекет жардам берүүдө.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен. Жердин силкинүүсү 27-ноябрда дагы кайталанып, анын күчү 5,3 балл болду.

Албания жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу 27-ноябрда аза күттү. Ал эми 28-ноябрь - Эгемендик күнүнө белгиленген салтанаттуу иш-чаралары токтотулду.

Албания сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

XS
SM
MD
LG