Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Мальтада оппозиция өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырды


Мальтадагы нааразылык акциясы.
Мальтадагы нааразылык акциясы.

Мальтада оппозициядагы саясатчылар премьер-министр Йозеф Мускатты кызматтан кетүүгө чакырып жатышат. Өкмөттөгү бир нече министр жана премьердин айрым жакын адамдары журналист Дафне Каруана Галициянын киши колдуу болушуна тиешеси бар деп шек саналууда.

Премьердин аппарат башчысы Кит Шембри 26-ноябрда кызматынан кетип, камакка алынган. Азыр полиция аны суракка алып жаткан кези. Ошол эле күнү туризм министри Конрад Мицци кызматтан кетерин жарыялады, анын артынан экономика министри Кристиан Кардона иликтөө аяктагыча кызматын тапшырарын билдирди. Премьер Мускат кызматынан кетүү ниети жок экенин айтууда.

Коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү журналист Галициянын машинеси баш калаа Валеттада 2017-жылдын октябрында жардырылган. Жакында кылмышка ортомчулук кылган деген ири ишкер кармалып, бул иште кызыкчылыгы бар деген бир топ ысымдарды жарыялаган.

XS
SM
MD
LG