Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Каракалпакстанда газ берүүнү талап кылган эл жол тосту


Каракалпакстандагы нааразылык акциясы.
Каракалпакстандагы нааразылык акциясы.

Каракалпакстандын Нукус районуна караштуу Шортанбай айылынын 70тей тургуну көгүлтүр отундун токтотулушуна нааразылык билдирип, автоунаа өткөн жолду тосту. Нааразылык акциясынын видеосу Интернетке 27-ноябрда чыкты.

Нукус районунун акими А. Сейтахов менен район прокурору Ш. Алламбергенов нааразылыкка чыккандар менен жолуккан. Анын жыйынтыгында жергиликтүү тургундарга 116 тонна көмүр жеткирилди.

Көгүлтүр отун өткөн түтүк эскирип калганына байланыштуу райондун айрым айылдарын кышында көмүргө өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок эл көмүрдүн сапаты начар болгондуктан, мурдагыдай эле газ менен камсыз кылууну талап кылууда.

Жергиликтүү тургундар менен «Узтрансгаз» компаниясынын аймактагы филиалы «Каракалпакстангаздын» башчысы Х. Айманов жана Каракалпакстандын ички иштер министри А. Темирханов да жолугушкан. Алар газдын тартыштыгынын себебин түшүндүрүп, нааразылык акциясы мыйзамсыз экенин эскертишкен.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, газ өткөн түтүктүн 16 чакырымга созулган бөлүгү эскирип калганына байланыштуу жогорку басымды көтөрө албай жатат. Маалыматтар боюнча жергиликтүү бийлик үйлөрдү кайра газга кошуунун жолдорун изилдеп жатат.

Өзбекстанда жыл сайын эле кышында газды жана электр энергиясын өчүргөн учурлар кайталанат.

XS
SM
MD
LG