Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Афтандил Жоробековдон Акыйкатчы институту кабар алат


Автандил Жоробеков.
Автандил Жоробеков.

«БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековдун камактагы абалынан омбудсмендин орун басары Ерлан Алимбаев 29-ноябрда кабар алганга аракет кылат. Бир күн мурун тергөө иштерине байланыштуу жолугушууга мүмкүн болбогонун «Азаттыкка» билдирди.

- Бүгүн байланышып сурайбыз. Эгер мүмкүн болсо, барабыз. Өзүңөр билесинер, ал жер өзгөчө режимдеги объект, уруп-согуп кирип кете албайсын, - деди Алимбаев.

Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Жоробековдун жакындары муну Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. (SE)

XS
SM
MD
LG