Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Ташиев Садыр Жапаров боюнча президентке кайрылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. «Азаттыктын» «Эки бир» көрсөтүүсүндө суроолорго берип жатканда Жапаров саясий себептен түрмөдө отурганын билдирди. Бирок «Аны эркиндикке чыгарбоого кимдер кызыкчылыгы болушу мүмкүн?» деген суроого конкреттүү жооп берген жок.

- Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен суранам. Аны «бул киши чыгарбай жатат» деп анык айта албайм, себеби аны билбейм. Бирок Садырдын камакта кармалышын таш боордук деп эсептейм,- деди Ташиев.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Каптагаев ага каршы арыз жазбаганын айтып, камоого негиз жок экенин билдирген.

Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын адвокаты Шарабидин Токтосунов 18-ноябрда жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG