Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Трамп Ооганстанга күтүүсүз барды


Дональд Трамп аскерлер менен. 28-ноябрь, 2019-жыл. Ооганстан, Баграм.
Дональд Трамп аскерлер менен. 28-ноябрь, 2019-жыл. Ооганстан, Баграм.

АКШ президенти Дональд Трамп мурда жарыяланбаган иш сапары менен Ооганстанга барды. Ал ооган президенти Ашраф Гани менен жолугуп, Баграмдагы аскердик базада болду.

Ал жакта президент аскер кызматкерлерин "Ыраазычылык күнү" менен куттуктады. Бул дата ноябрдын акыркы бейшембисинде белгиленет. Аскерлерге кайрылуу учурунда Трамп АКШ тынчтык келишимине макул болушу ыктымал экенин билдирди.

- «Талибан» келишим түзүүнү каалап жатат, - деди ал.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Трамп ашканада офицерлер менен бирге майрамдык дасторкондо түштөндү.

«Associated Press» агенттиги Ак үй сапар тууралуу маалыматты жашыруун сактаганын жазды.

Сентярда Кабулдагы жардыруудан 12 киши, анын ичинде бир америкалык аскер өлгөндөн кийин Трамп талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтоткон эле.

Бул Трамптын Ооганстанда болгон алгачкы сапары. Ошол эле маалда согуш жүрүп жаткан аймактарга экинчи жолу барышы. Былтыр «Кристмас» майрамында Трамп Ирактагы АКШнын аскердик базасында болгон.

XS
SM
MD
LG