Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барат


Жээнбеков жана Мирзиёев. Архивдик сүрөт.
Жээнбеков жана Мирзиёев. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн 29-ноябрда Өзбекстанга барат.

Расмий кабарга ылайык, Ташкенттеги жыйынга Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Казакстандын биринчи мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев катышат. Алар аймактык кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулап, аягында декларация кабыл алынат.

Жээнбековдун өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу да болот.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн.

XS
SM
MD
LG