Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Жогорку Кеңеш бюджетке байланыштуу үч мыйзам кабыл алды


28-ноябрдагы жыйын.
28-ноябрдагы жыйын.

Жогорку Кеңеш 28-ноябрда беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды кабыл алды.

Бюджеттин 2018-2019-жылдардагы аткарылышы, 2020-жылга планы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө экинчи окууга келген документтер ошол эле күнү үчүнчү окуудан да өттү.

Мындай чукул кабыл алуу тартибинин мыйзамсыз экенин айткан депутаттардын пикири эске алынган жок.

Парламент жыйынында премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга сунушталып жаткан бюджет дээрлик 40 млрд. сомго көбөйүп, 173 млрд. сомду түзөрүн айтты

Өкмөттүн басма сөз кызматы «2020-жыл мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл болот» деген маалымат таратты.

XS
SM
MD
LG