Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:44

Кыргызстанда ВИЧ жугузгандардын расмий саны 9516 киши


Кызыл тасма - ВИЧ\СПИДге каршы күрөштүн белгиси.

Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түзгөнүн билдирди. Алардын 2013ү каза болгон.

Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер.

ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар.

  • 14 жашка чейинкилер - 7,5;
  • 15-24 жаштагылар 12%;
  • 25-49 жаштагылар 70%;
  • 50дөн өткөндөр 10,5%.

Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.

Кыргызстандыктар арасында ВИЧ жуккан алгачкы учур 1996-жылы аныкталган.

Республикалык СПИД бирикмеси 2019-жылдын он айында каттоого алынган учурлардын 65% жыныстык жол менен жугузгандар түзгөнүн, алардын көбү жаштар экенин маалымдады.

Адистер расмий каттоого турбай жүргөндөр бар экенин эске алуу менен бул дартка кабылгандардын саны азыркы эсептен алда канча көп болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт.

1-декабрда дүйнө жүзүндө СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленет. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG