Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:10

Түркмөн президенти Өзбекстанда ардактуу академик болду


Бердымухамедов жана Мирзиёев.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстандын Илимдер академиясынын ардактуу академиги деген наам алды.

Түркмөнстандын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, наам ыйгаруу аземи 28-ноябрда Ташкентте өттү.

- Мен муну Түркмөнстанга көрсөтүлгөн сый-урмат, биздин өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерин таануу жана эки өлкөнүн достугунун бекемделиши катары кабыл алам, – деди Бердымухамедов.

Түркмөнстандын президенти 28-ноябрда Өзбекстанга эки күндүк жумуш сапары менен келген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG