Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Жээнбеков Мирзиёев менен жолугат


Жээнбеков жана Мирзиёев. Архивдик сүрөт.
Жээнбеков жана Мирзиёев. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Өзбекстандын Ташкент шаарына барды.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-коммуникациялык жана башка тармактардагы аймактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери киргизилгенин кабарлады.

Бул жыйындын алкагында Жээнбековдун өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу да болот.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG