Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:09

Токтонасыров активист Жоробековду бошотууну талап кылып акцияга чыкты


Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.
Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековдун бошотулушун талап кылып Акыйкатчы институтунун алдына нааразылык акцияга чыкты. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирди.

- УКМК ойдон чыгарылган айыптарды токуп жатат. Афтандил «Фейсбуктагы» баракчасына коррупцияга каршы жана Матраимовдорго байланыштуу материалдарды жарыялап келгенин бүтүндөй журт билет. Элди митингге чыгууга чакырганы үчүн эле күнөөлөнүп жатат. Кечээ омбудсмендин орун басары жана Кыйноонун алдын алуу боюнча борбордун директору барып УКМКга кире албай келишиптир. Бул жерде УКМК укугунан аша чаап жатат. Ошондуктан омбудсмен өзү болгон күч-аракетин жумшап блогерди бошотуп чыгууга милдеттүү. Болбосо парламентке, президентке кайрылсын, - деди Токтонасыров.

Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев бир күн мурун Афтандил Жоробековдун камактагы абалынан кабар алганы барып, тергөө иштерине байланыштуу жолугуша албай койгонун айткан жана 29-ноябрда жолугушууга аракет кыларын билдирген.

Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Жоробековдун жакындары муну Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. (BTo)

XS
SM
MD
LG