Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

«Аалам алкагында алгачкы кадамдар» поэзия кечеси өтүп жатат


«Аалам алкагында алгачкы кадамдар» поэзия кечеси.
«Аалам алкагында алгачкы кадамдар» поэзия кечеси.

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкекте «Макмал-креатив» коомдук чыгармачыл бирикмеси тарабынан уюштурулган «Аалам алкагында алгачкы кадамдар» аттуу адабий-музыкалык поэзия кечеси өтүп жатат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) имаратында болуп жаткан поэзия кечесинде «Макмал – креатив» чыгармачыл борбору экс-президент Роза Отунбаевага «Бүткүл адамзатты ар тараптан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» «Аалам алкагы» төш белгисин тапшырды.

Ушул эле күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде да ыр кече болот. Ал «Жүрөктөгү жылуулук» деп аталып, поэзия күйөрмандарын саясаттын чыр дүйнөсүнөн ыр дүйнөгө чакырууга умтулат. Анда бүгүнкү күндөгү таанымал жаш акындар Рыскүл Изатова, Бердибек Жамгырчиев, Максат Жангазиев жана Акбар Кубанычбеков өздөрүнүн ырларын окуп берет. (ZA)

XS
SM
MD
LG