Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйыны өтүп жатат


Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйыны.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйыны.

Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Ага Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жетекчилери жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда бул жолугушуунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Расмий маалыматка караганда, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында, Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG