Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

«Манас» эпосу өзбек тилине которулду


Өзбек тилине которулган «Манас» эпосу.
Өзбек тилине которулган «Манас» эпосу.

Ош мамлекеттик университетинде ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан каржыланып, өзбек тилине которулган «Манас» эпосунун бет ачары болду. Иш-чара «Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын жабылуу аземинин алкагында өтүп жатат.

Бексултан Жакиев иштеп чыккан «Манас» эпосунун кыскартылган вариантын өзбек тилине Зухриддин Исомиддинов которгон. Эпостун өзбек тилине которулган вариантынын бет ачарына Өзбекстандан келген өкүлдөр да катышты.

«Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын расмий жабылуу аземи 30-ноябрда Ош шаарында болот. Маданий иш-чаралар менен катар ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отуруму өтөт.

Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин №36 отурумунда бир добуштан кабыл алынган.

Кыргызстандын Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары алгачкы ирет жарыяланууда. Мурда бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казань (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн. (MdN)

XS
SM
MD
LG