Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Гаагада полиция үч адамды жарадар кылган шектүүнү издеп жатат


Гаагадагы соода борборлордун биринде белгисиз киши өткөн-кеткенге бычак шилтеп, кеминде үч киши жараат алды. Бул тууралуу Нидерланд полициясы маалымдады.

Учурда шектүү катары 45-50 жаштагы эркек кишиге издөө салынды. Социалдык тармактарда окуя болгон жерге келген "Тез жардам" машинесинин сүрөттөрүн жарыялашууда. Массалык маалымат каражаттары 29-ноябрда “кара жума” – арзандатуу акциясы болгондуктан дүкөндөрдө эл көп чогулганын жазып жатышат.

Жараат алгандардын абалы, кол салуунун себептери айтыла элек. Жергиликтүү пресса кол салуу "Hudson's Bay" дүкөнүндө болгонун жазышты. Интернетте тараган видеодо ондогон адамдар соода борборунан көчөгө качып чыгып жатканын көрүүгө болот. Полиция окуяга күбө болгондордон шектүү жөнүндө маалымат берүүнү өтүндү.

Мындан бир нече саат мурда Британиянын борбору Лондондо дагы ушундай кол салуу катталган.

XS
SM
MD
LG