Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Apple чек араларга байланыштуу саясатын талкуулайт


Apple айрым тиркемелеринде Крымды Орусияныкы деп көрсөткөнү үчүн сынга кабылган. Учурда Apple корпорациясы талаштуу мамлекеттик чек араларды аныктоо саясатына анализ жүргүзө баштады. Бул тууралуу Reuters агенттигине компаниянын өкүлү Труди Мюллер кабарлады.

Мюллердин айтымында, талаштуу чек ара тилкелери Apple тиркемесинде кандай белгиленери боюнча адистер иштеп жатат. Жыйынтыгында компаниянын чек араны аныктоо саясаты да өзгөрүшү мүмкүн.

«Apple Maps» жана «Weather» тиркемелеринин орусиялык колдонуучуларына Крым Орусиянын аймагы катары көрсөтүлүп жатат. Орусия 27-ноябрда компаниянын бул аракетине ыраазы болгон.

Украина өкмөтү болсо АКШ компаниясынын бул кылганына нааразы экенин билдирген. Киевдин Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгү Крымды Орусиянын аймагы катары көрсөтпөөнү талап кылып компанияга кайрылган.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алган. Дүйнөдө бери дегенде жүз мамлекет Москванын бул аракетин мыйзамсыз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG