Беларус өкмөтүнүн 27-ноябрдагы токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн коомдук тамактануучу жайларында желим идиш колдонууга тыюу салынат.
Антимонополия министрлиги тыюу салынган идиштин түрлөрүнүн тизмесин жакын арада түзөрүн маалымдады. Желим идиштердин ордуна кагаз буюмдарын колдонуу сунушталууда.
Тыюу салуу менен бирге пластик буюмдарды жана идиштерди утилизациялоо акысы эки эсе кымбаттайт. Бир тонна желим буюмду жок кылуу акысы 180 беларус рублинен 360 рублге чейин көтөрүлөт.
Өкмөт буга чейин товарга экологиялык зыяны жок таңгактарды колдонууну каалагандарга каржылык көмөк көрсөтүүнү карап чыгууга даяр экенин билдирген.
Буга чейин Европа Биримдигине кирген өлкөлөр 2021-жылдан тарта коомдук жайларда бир жолу уруна турган желим идишти жана баштыкты колдонууга тыюу салган.