Түркиянын жаштар жана спорт министри Мухаррем Касапоглу мамлекеттик "Анадолу" агенттигине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берди.
- Сиздер билгендей буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жолу Кыргызстанда өттү. 2020-жылы бул иш-чараны Түркиянын Бурса шаарында өткөрөбүз. Бул маанилүү иш-чара өтө жогорку деңгээлде өтөт, - деди Мухаррем Касапоглу.
Буга чейин Бурса аймагындагы Кожайайла жайлоосунда түрк тилдүү мамлекеттерден келген спортчулар катышкан этнофестиваль өтүп келген. Дүйнө этноспорт конфедерациясы жана Түркиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен өткөн фестивалдарда көкбөрү, күрөш, жаа атуу, тогуз коргоол жана ордо сыяктуу улуттук оюндар ойнотулчу.
Конфедерация 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. (ElB)