Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Нарында мамлекеттик ЖМКлар бир борборго биригишти


Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Нарын облустук медиа борбору мекемесин түзүү жөнүндө" буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарланды.

Буйрукка ылайык, Нарын облустук мамлекеттик телерадио берүү мекемесинин базасында облустук медиа борбор түзүлдү. Медиа борбордун ичине Нарын облустук «Теңир Тоо», Ак-Талаа райондук “Айыл турмушу”, Жумгал райондук “Демилге”, Ат-Башы райондук “Ат-Башы жаңылыктары”, Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезитинин редакциялары кирет. Алар Нарындагы жаңылыктарды биргелешип телевидение, гезит, сайт, басма сөз борбору аркылуу чагылдырашат. Ар бир райондо экиден кабарчы болот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бардык кабарчылар заманбап маалымат берүү боюнча ар кандай окуулардан өткөнүн жана маянасы көтөрүлөөрүн белгилейт. Борбор жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатында түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG