Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:38

Түркияда кыргызстандыктар аткезчиликке айыпталып кармалды


Иллюстрациялык сурот.

Түркиянын Соода жана өнөр жай министрлигинин сайтына чыккан маалыматка ылайык, 29-ноябрда Стамбул аэропортунда бажы кызматкерлери Алматыдан учуп келген алты кыргызстандыктын жүгүн текшеришкен. Кыргызстандыктарга таандык 9 чемодан жана алты баштыктан 7,390 куту электрондук тамеки табылган. Бул жүктү бажы кызматкерлери "контрабанда" деп таап, наркын 27 миң долларга баалашкан.

Кармалган кыргызстандыктарга "Аткезчилик" беренеси боюнча айып тагылып, тергөө иштери башталды.

Түркиянын Жазык кодексинин «Аткезчилик» беренеси боюнча чет өлкөдөн декларация толтурбастан товар алып келген жарандар бир жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат жана ири өлчөмдө айып төлөшөт.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги электрондук тамекилерди колдонууга жана бул тамекилерди чет өлкөдөн ташып келүүгө тыюу салган. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG