Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Алматыдагы көчөлөрдүн биринде «Эл башынан чириди» деген баннер пайда болду


1-декабрь - Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары календарда кызыл менен белгиленип, дем алыш жарыяланат. Ушул күнү Алматы шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз бирөөлөр казак тилинде «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишкен.

2010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген наам ыйгарган. Ал статус менен Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кол тийбестик макамына ээ болгон.

Оппозиция Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына сыйынуу» көрүнүшү кеңири жайылган деп сындап келет.

Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Нурсултан Назарбаев президенттиктен 2019-жылы март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидерлигин сактап калган. Ал президенттиктен кеткенден кийин анын ордуна келген мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борбору Астана шаарын Нур-Султан деп атоо тууралуу буйрук чыгарган.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектөө укугун алган.

XS
SM
MD
LG