Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Дмитрий Песков: Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу "сөзсүз болот"


«Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган.
«Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Парижде 9-декабрга белгиленген "Норманд төрттүгү" форматындагы саммитте Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сөзсүз көзмө-көз жолугушарын бышыктады. Ал "Россия 1" телеканалына берген маегинде эки тараптуу кездешүүнүн форматы кийин так аныкталарын белгиледи.

Жекшембиде Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков эки тараптуу жолугушуу жарым сааттан бир жарым саатка чейин созулушу ыктымал экенин айтты. Киев азырынча бул тууралуу үн ката элек.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган. Алар акыркы жолу 2016-жылдын октябрь айында жолугушкан. Буга чейин Кремл «Штайнмайер формуласы» Киевди ынандырбаса, орус президенти Владимир Путин бул биримдиктин алкагында украин президенти Владимир Зеленский менен жолукпай турганын айтып келген. Өткөн айда Зеленский Кремлдин талабына көнүп, «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль жаңжалга тиешеси жок экенин айтууда. Беш жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG