Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 17-январь, 2020 Бишкек убактысы 22:56

Ирак парламенти өкмөт башчынын отставкасын кабыл алды


Адел Абдел Махди.

Иракта парламент 1-декабрда өлкөдө эки айдан бери токтобой жаткан, жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган нааразылык акцияларынан улам премьер-министр Адел Абдел Махдинин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Парламенттин төрагасы эми жаңы өкмөт башчыны дайындоо тууралуу президент Бархам Салехке кайрыларын маалымдады.

Адел Абдел Махди кызматтан кетерин 29-ноябрда жарыялаган. Анын алдында өлкөнүн башкы диний көсөмү Али ал-Систани демонстранттарга каршы күч колдонулуп жатканын сынга алган жана парламенттен өкмөттү колдоону токтотууну талап кылган. Ал митингге чыккандарды да тоз-тополоң уюштурбоого үндөгөн.

Жекшембиде Ирактын бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү Ди-Кар провинциясындагы өкмөткө каршы акцияга чыккандарды кууп таратууда кан төгүүгө жол бергени үчүн аймактын аскер жетекчисин камакка алуу тууралуу буйрук бергени маалым болгон. 29-ноябрда бул провинциянын полиция башчысы иштен кеткен. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар Багдадды нааразылык акцияларга чыккандарга ашкере күч колдонулуп жатканы үчүн сынга алган.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо өлгөндөрдүн саны бери дегенде 400дөн ашты.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG