Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Саркисян кыргыз депутатынын ЕАЭБ боюнча сынына жооп берди


Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) башчысы Тигран Саркисян «Tazabek» сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин «Кыргызстан биримдиктен чыгышы керек» деген пикирине жооп берди.

Экономикалык маалыматтарды жазган «Tazabek» сайты кабарлагандай, Саркисян мындай деген:

«Мындай сөз жалаң эле Кыргызстанда айтылган жок. Албетте, андай күмөн бар. Эмнеге нааразы жана эмне жакпай жатат - мындай сындарды угушубуз керек. Биз Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) дарегине айтылган сынга көз салабыз. Сын пикир бизди күчтүү кылып, кемчиликтерди жоюшубуз керек».

Парламент депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин пайдасы жок экенин белгилеп, ал уюмдан чыгууну сунуш кылган.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы Биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG