Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Ошто журналист мэриядан маалымат талап кылып прокуратурага арыз жазды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эркин журналист Гүлзат Газиева Ош шаарындагы жер боюнча макала даярдап жатканына байланыштуу айрым маалыматтарды алыш үчүн мэрияга кайрылган. Мэриянын тийиштүү органдарынын жообу журналистти канааттандырган эмес. Газиеванын айтымында, ал жергиликтүү бийликтен коомчулукка ачык гана маалыматтарды сураган. Ал мэриянын бул аракетин журналисттердин маалымат алуу укугун чектөө деп баалап, прокуратурага эки арыз менен кайрылды.

- Негизи ачык маалымат турушу керек, - деди журналист. - Алар болсо мага «бул мыйзам менен корголгон маалыматтар» деп жатышпайбы. Толук жооп берген жок. Мен сыр эмес документтерди сурадым.

Журналист учурда арыздар боюнча текшерүү иштери башталганын билдирди. Азырынча Ош мэриясы журналисттин арызы боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдагы 4-беренеде «журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына, тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт» деп жазылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG