Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезметчиси жоголгон. Баштапкы маалымат боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет. (TSh)