Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:09

Дональд Трамп импичмент боюнча коомдук талкууга катышпайт


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Өкүлдөр Палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Өкүлдөр Палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын адвокаттары Өкүлдөр Палатасындагы импичмент жарыялоо жараянынын алкагындагы коомдук талкууга катышпайт. Бул туууралуу Ак үйдүн адвокаты Пэт Чиполлоненин 1-декабрдагы аталган палатанын Юридикалык комитетине жөнөткөн катында айтылат. Ал өз катында демократтарды "иликтөө калыстыкка негизделген эмес, керектүү укуктук жол-жобосу жок", деп айыптады. Ак үйдүн адвокаты коомдук талкууга мындан ары президенттин өкүлдөрүнүн катышар-катышпасы ушул жуманын аягында белгилүү болоорун кошумчалады.

Коомдук талкуунун жаңы айлампасы 4-декабрда башталат жана Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитетинин жетекчиси Жеррольд Надлер ага Трамп менен адвокаттарын чакырган.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин быйыл 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген.

Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Буга чейинки коомдук угууда АКШнын Евробиримдиктеги элчиси Гордон Сондленд, Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йованович баштаган бир топ адамдар көрсөтмө берген.

XS
SM
MD
LG