Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Гонконгго байланыштуу Кытай АКШга санкция салды


Демонстранттар соңку нааразылык акцияларында АКШга Гонконгдогу демократияны жана адам укугун колдоого багытталган мыйзам кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Демонстранттар соңку нааразылык акцияларында АКШга Гонконгдогу демократияны жана адам укугун колдоого багытталган мыйзам кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Кытай бийлиги Гонконгго байланыштуу мыйзам кабыл алганы үчүн АКШга жана баш кеңсеси Кошмо Штаттарында жайгашкан «Human Rights Watch» жана «Freedom House» сыяктуу өкмөттүк эмес уюмдарга санкция киргизди.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Вашингтондун «жоопкерчиликсиз кылык-жоругун» айыптады жана «Бээжиндин ички ишине кийлигишти» деп сындады.

Кытай бийлиги дүйшөмбүдөн тартып америкалык аскердик кемелер менен учактардын Гонконгго барышы тууралуу өтүнүчүн кароону токтотту.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Гонконгдогу демократияны жана адам укуктарын коргоого багытталган эки мыйзамга кол койгон болчу. Бул документтерде «АКШнын мамлекеттик катчысы бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеминде жылына бир жолу баяндама жасап турушу керек» деген жобо бар. Эгер Вашингтон Гонконг жетиштүү деңгээлде көз каранды эмес деп тапса, соода-сатыктагы айрым бир артыкчылыктар токтой турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле адам укуктарын бузду деген жогорку кызмат адамдарына санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Бээжин АКШнын мындай кадамы Кытай менен мамилесине, алака-катышына доо кетерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG