Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

«Грэмми» сыйлыгынын ээси, дирижёр Марис Янсонс көз жумду


Марис Янсонс.
Марис Янсонс.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 76 жаш курагында дирижёр Марис Янсонс оорудан улам ажал тапты. Ал Ригада туулуп-өскөн жана белгилүү дирижёр Арвид Янсонстун уулу.

Марис Янсонс 1956-жылы ал кездеги Ленинград шаарына ата-энеси менен көчүп келген. Консерваторияда скрипка, фортепиано жана дирижёрлук бөлүмүндө окуган. Андан кийин окуусун Австриянын Вена жана Зальцбург шаарларында уланткан. Мариске Евгений Мравинский, Ханс Сваровски жана Герберт фон Караян сыяктуу окутуучулар билим берген.

Марис Янсонс 1979-жылдан 2000-жылга чейин Ослодогу филармонияда оркестрдин башкы дирижёру болгон. Андан сырткары Питтсбург, Лондон жана Амстердамдагы оркестрлерди башкарган. Ал 2003-жылдан тартып Бавария радиосунун оркестринин башкы дирижёру болгон. Ал дүйнөдөгү атактуу оркестрлердин баары менен иштешкен. Анын ичинде Венадагы жаңы жылдык концерттерге катышкан.

Марис Янсонс Герберт фон Караян атындагы фонддун сыйлыгынын лауреаты жана чыгармачыл чөйрөдө «музыканттардын Нобел сыйлыгы» деген атка конгон Эрнст фон Сименс атындагы сыйлыктын жеңүүчүсү болгон. Ага 2005-жылы Дмитрий Шостаковичтин 13-симфониясын койгону үчүн «Грэмми» сыйлыгы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG