Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Түркияда мигранттардын виза алуу жараяны өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Миграция департаментинин сайтына чыккан маалыматка ылайык, 2020-жылдан баштап Түркияда туристтик визаларын узартууга берген документтер кабыл алынбайт. Чет өлкөлүктөр жана эл аралык коргоо мыйзамынын 6458-беренеси «Түркияга турист катары келген чет өлкөлүк жаран 1 жылда бир гана жолу виза ала алат» деп редакцияланган.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын дээрлик баары туристтик виза менен иштегендиктен 2020-жылдан баштап эмгек визасын алууга мажбур болушат. Муну Түркиянын Миграция департаменти чет өлкөлүк мигранттардын эмгек мыйзамына ылайык иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү менен түшүндүрүүдө.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча бул аймакта 2018-жылы 76 миңге жакын чет өлкөлүк мигрант расмий эмгек визасы менен катталган. Алардын 6 миңге жакыны Кыргызстандын жарандары. Бирок расмий эмес туристтик виза менен иштеген кыргызстандык мигранттар миңдеп саналат. Алар негизинен тейлөө кызматтарында, балдарды же кары кишилерди карап иштешет.

Ал эми жалпы Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG