Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 12:38

Бишкекте «Машинесиз бир күн» акциясын өткөрүү сунушталды


Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары 4-декабрда тургундарды автоунаа айдап чыкпоого чакырышты. Алар муну менен Бишкекти каптаган түтүндүн көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бургусу келет.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.

Адистердин айтымында, абаны автоунаалардан чыккан газ, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн булгап жатат. Мэрия күн сууктагандан бери айрым тургундар цехтен чыккан кездеменин өөндөрүн, желим буюмдарды жагып жатканын билдирип, шаардыктарга беткап кийүүнү сунуш кылган.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кыргыз бийлиги кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрө элек. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Ушул тапта техникалык жөндөө жумушу жасалып жатканына байланыштуу сиз издеген материал ачылбай жатат. Бул үчүн көптөн-көп кечирим сурайбыз. Бир аз убакыттан соң кайра ачып көрүңүз деп суранаар элек.

XS
SM
MD
LG