Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде өрт кырсыктары боюнча берген маалыматына караганда, Өзгөн районунда үй өрттөнүп, анын 29 жаштагы ээси каза болду.
Бишкектин Ленин районунда 2-декабрда эки кабат турак үйдөн чыккан өрттөн беш киши жабыркады. Алардын арасында үч жана жети жаштагы балдар бар. Алар түтүнгө ууланган.
Андан тышкары 44 жана 54 жаштагы эки адам бети жана колунан III даражадагы күйүк алса, 57 жаштагы дагы бир киши түтүнгө ууланган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жана Балдардын Бишкек шаардык «Тез жардам» ооруканасына жеткирилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам чыкканын кабарлады.
2-декабрда ошондой эле Дордой-1 калктуу конушунда да турак жайдан өрт чыгып 28 жана 40 жаштагы аял кишилер бутун кокустатып алган. Жараат алгандар «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилген. (BTo)