Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

Жээнбеков: Мамлекет аялуу адамдардын укугун сактоого умтулат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, өлкө башчы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, аларга кам көрүп жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

«Мамлекетибиз аялуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптарынын аткарылышына зарыл шарт түзүп берүүгө жана алардын укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголушун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыз кылууга умтулууда», деп айтылат билдирүүдө.

3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнү.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунаада майыптарга шарт жок болуп жатканы эл арасында сынга алынып жүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG