Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болду


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Жарандык активист Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик тараткан маалымат боюнча, агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Ал бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келаткан.

3-декабрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG