Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Кумтөрдө жер көчкөнүн көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр экени айтылды


Кумтөр. Жер көчкөн аймак.
Кумтөр. Жер көчкөн аймак.

Кумтөр алтын кенинде көчкөн жер катмарынын көлөмүнүн узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, «Кумтөр» ишканасынын эки кызматкери калып калган болжолдуу жерлер аныкталып, 18 оор техника иштеп жатат. Кызматкерлерди издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кумтөрдүн куткаруучулары жана кинологдор болуп баш-аягы 94 куткаруучу тартылган. Андан тышкары альпинисттер да кошулду.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн.

Кендеги көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда жүргөн. Жумушчулардын ичинен экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев - дайынсыз болуп жатат. Аларды издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет. (BTo)

XS
SM
MD
LG