Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум болот


Аида Салянова.
Аида Салянова.

3-декабрда Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия беришине байланыштуу соттук жараян башталат. Аталган ишти сот жаңы кодекстерге негиздеп кайра карамак.

Буга чейинки соттук отурумдар ар кандай себептерден улам жылып келген. Салянова өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова өзүнө саясий буюртма менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 3-июлда камакка алынып, тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн 15-августта үй камагына чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG