Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Гуттериш климаттын өзгөрүшүнүн алдын алган негизги максаттарды белгиледи


Мадридде БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган эки жумалык саммити башталды.
Мадридде БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган эки жумалык саммити башталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) баш катчысы Антониу Гуттериш Мадридде климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйында планетаны сактоого багытталган негизги үч максатты атады. Ага ылайык, абанын табынын жогорулаганын азайтыш үчүн дүйнөдөгү бардык мамлекеттер 2013-жылга чейин абага көтөрүлгөн булганыч заттарды 45 пайызга чейин азайтышы керек. Ал эми 2050-жылга чейин көмүртек бейтараптыгын камсыз кылуу зарыл. Үчүнчүсүндө 2100-жылга чейин температуранын көтөрүлгөнүн 1,5 пайызга чейин чектөө каралган.

- Биз көптөн бери эле планетабыз менен кармашып келе жатабыз. Азыр эми планета бизге жооп кайтарып, өзүбүзгө сокку урууда. Табиятка каршы согушубузду токтотушубуз керек, - деди Гуттериш.

Испаниянын Мадрид шаарында 2-декабрда климаттын өзгөрүшүнө арналган БУУнун эки жумалык саммити башталды. Бул жыл сайын өтө турган иш-чарага 200дөй өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Анда климаттын өзгөрүшүнө каршы макулдашылган эрежелер менен чараларды иштеп чыгуу каралган.

XS
SM
MD
LG