Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Путин адамдарды «чет өлкөлүк агент» катары аныктаган мыйзамга кол койду


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 3-декабрда жеке тараптарды «чет өлкөлүк агент» деп аныктай турган мыйзамга кол койду. Бул документти өткөн айда Мамлекеттик Дума кабыл алып, Федерация Кеңеши да жактырган.

Мыйзамга ылайык, эми жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук-саясий абал тууралуу материалдарды тараткан же ошондой материалдарды даярдоого катышкан, ошол эле учурда чет өлкөдөгү орусиялык юридикалык тараптардан акча же мүлк алган, башка мамлекеттердин каржы булактарынан каржыланган жеке тараптар, башкача айтканда журналисттер, блогерлер «чет өлкөлүк агент» болуп таанылат. Мындай адам деп таанылгандар кийин макала, маалымат жарыялаганда «чет өлкөлүк агент» экенин улам-улам белгилеп турушу керек. Мыйзамды бузгандарга миллиондогон рубль айып пул салынат.

«Чет өлкөлүк агенттерди» Юстиция министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен кошо аныктайт.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Былтыр ноябрдан тартып чет жактардан акча алган жалпыга маалымдоо каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштады. Ал реестрде ушу тапта 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

XS
SM
MD
LG