Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Өкмөт башчы «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча көрсөтмө берүүгө даяр


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча зарыл болгон шартта тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Маалыматта Абылгазиев журналисттик иликтөөдө келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында суракка чакыртма ала электиги айтылат.

- Премьер-министр башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан да талап кылат, - деп билдирди өкмөт.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча «Азаттыктын» иликтөөсүнө байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 3-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка барды.

2-декабрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыккан.

Атайын кызмат 2-декабрда иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары, анын ичинде «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыларын жарыялаган.

УКМК «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакунов (Мухаммедали Токтакунов) менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырган. Алар учурда «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштеп жаткандыктан «Азаттык» алар скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

УКМК ишти журналисттик иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG