Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:08

Атасын өлтүргөн эже-сиңди Хачатуряндардын иши тергелип бүттү


Тергөөдө эже-сиңдилер мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, күн көрсөтпөй койгонунан барганын айтышкан.

Орусиянын Тергөө комитети өз атасын бычактап өлтүргөн деп кармалган үч эже-сиңдинин ишин тергеп бүтүп, прокуратурага жөнөттү. Анда үй-бүлөнүн улуу эки кызы эмне кылмыш кылып жатканын аңдап-билген деген корутунду чыгарылган, ал эми эң кенжесин мажбурлап дарылаш керек деп айтылган.

Былтыр жайында 57 жаштагы москвалык ишкер Михаил Хачатурян өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө байланыштуу ошол кездеги 17, 18 жана 19 жаштагы үч кызы камакка алынган. Тергөөдө Ангелина, Кристина жана Мария күнөөсүн мойнуна алып, мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, күн көрсөтпөй койгонунан барганын айтышкан.

Тергөө комитети үч кызга «Алдын-ала уюшуп кылмышка баруу» беренеси боюнча иш козгогон.

Эже-сиңдилердин адвокаттары кыздарга карата козголгон кылмыш ишин токтотуш керек экенин, анткени алар күн көрсөтпөгөн атасынын кордугуна жедеп чыдабай калганда гана ушундай кадамга барганын жүйө келтиришкен.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG