Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

ФБР: АКШдагы шайлоого «FaceApp» тиркемеси кооптуу


«FaceApp» фото тиркемеси 2017-жылы иштелип чыккан.
«FaceApp» фото тиркемеси 2017-жылы иштелип чыккан.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Орусияда иштелип чыккан «FaceApp» фото-тиркемеси АКШдагы шайлоонун коопсуздугуна таасир этиши ыктымал экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумерге жөнөткөн катында айтылат. Анда орусиялык атайын кызматтар өздөрүнө керектүү маалыматтарды «FaceApp» аркылуу чогултуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленген.

Быйыл жайында Чак Шумер аталган фото тиркеме АКШнын улуттук коопсуздугуна жана колдонуучулардын жеке маалыматтарына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтып чыккан жана ФБРге тиркемени текшерүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн.

Шумер тиркемени пайдалангандардын сүрөттөрү жана жеке маалыматтары келечекте алардын уруксаты жок эле колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун билдирген.

Бул программаны иштеп чыккан орусиялык компания болсо дооматтарды четке кагып, сүрөттөрдүн көбү 48 сааттын ичинде серверден жок кылынарын, кардарлардын маалыматтары башка адамдарга же уюмдарга берилбей турганын билдирген.

Жасалма интеллекттин негизиндеги «FaceApp» тиркемеси 2017-жылы пайда болгон. Анын жардамы менен адамды улгайтып, жашартуудан сырткары, жылмайтып, чачтарынын түсүн, ал тургай жынысын да өзгөртүп көрсөтсө болот.

XS
SM
MD
LG