Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Өкүлдөр Палатасы: демократтар импичмент боюнча баяндама жарыялайт


Адам Шифф.
Адам Шифф.

Кошмо Штаттарда Өкүлдөр Палатасындагы демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны тууралуу бяндамасын 3-декабрда жарыялайт. Бул тууралуу Чалгын кызматынын төрагасы Адам Шифф билдирди. Ал баяндамада импичмент жарыялоого негиз болгон башкы жагдайлар тизмектелип берилерин белгиледи.

Мындан бир күн мурун, дүйшөмбүдө Өкүлдөр Палатасындагы республикачылар Дональд Трампка импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок деген мазмундагы баяндама жарыялашкан.

Анын алдында Трамп менен анын адвокаттары Өкүлдөр Палатасындагы импичмент жарыялоо жараянынын алкагындагы коомдук талкууга катышуудан баш тартышкан. Коомдук талкуунун жаңы айлампасы 4-декабрда башталмакчы.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин быйыл 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген.

Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG