Мунун алкагында Татарстанда «адал» деген сертификаты бар беш санаторий пайда болот. Буга байланыштуу Инвестициялык өнүгүү агенттиги тендер жарыялады. Анын шартына ылайык, тендерди утуп алган тарап беш санаторийди «адал» деген стандартка ылайыкташтырышы керек жана Казань шаарында ал тууралуу көрнөк-жарнак илип, «адал иш-чараларды даңазалаган талкуууларды» өткөрүшү зарыл.
Ошондой эле, орус, англис жана араб тилдеринде баракчаларды, Татарстандын картасын чыгаруу, аларды таратып-жайылтуу да каралган.
Мунун баарына 2,7 миллион рубль бөлүнмөкчү. Арыздарды кабыл алуу 6-декабрда аяктайт жана тендерди уткан тарап жогорудагы иш-чаралардын баарын 20 күндүн ичинде соңуна чыгарышы керек болот.