Бул тууралуу бир катар жергиликтүү басылмалар 2-декабрда жазып чыгышты. Ага ылайык, тергөөчүлөр Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө орус бийлигинин тиешеси бар болушу ыктымал деп шектенип жатышат. Кремль буга байланыштуу азырынча үн ката элек.
Берлиндин Моабит районунда быйыл 23-августта 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып кетишкен. Кылмышка шектүү Вадим Красиков ошол эле күнү кармалган жана полиция ал Орусиянын жараны экенин билдирген.
«The Insider» басылмасы жана «Bеllingcat» уюмунун иликтөөчү журналисттери кылмышка шектүүнүн орус атайын кызматтары менен байланышы бар экенин жазып чыгышкан.
Тергөөчүлөр Хангошвилинин өлүмүн анын буга чейинки кызматы менен байланыштырышкан. Ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин антитеррордук бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операция катышкан.