Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Көмөкчү мектептердин мугалимдери сыйланды


Сыйлык алган мугалимдер.
Сыйлык алган мугалимдер.

Билим берүү жана илим министрлиги 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата көмөкчү мектептерде иштеген мугалимдерди сыйлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери үчүн мугалимдер сыйланды. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова 15тей мугалимге Ардак грамота жана «Билим берүүнүн мыктысы»​ төш белгилерин тапшырды.

Кыргызстанда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 5000дей баланы окуткан 32 көмөкчү мектеп бар.

Майып балдар билим алган мектептердеги окуу программасы жана окуу куралдары жалпы билим берүүчү мектептерден айырмаланат. Мугалимдердин айтымында, окуу куралдары балдардын акыл-эсине жараша жеңилдетилген таризде чыгарылат жана физика, химия, информатика, англис тили сыяктуу сабактар өтүлбөйт.

XS
SM
MD
LG